Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө кошомат кылып, сөзүн сүйлөө, ураанын талашуу, талапташ болуу. Оросул сенин теңтушуң эмес, малайың, камчыңды чабат, шилтеген жагыңа барат (Осмоналиев). Сөзүн сүйлөп, камчысын чабышкан. Калган көпчүлүк эл байлардын малдарын багышып, жан сактоо үчүн аларга баш калкалашып, ошолордун камчысын чабышып, аларды ээрчип көчүп жүрө беришчү тура (Медетов). Ошондо камчыны кошо чабышып, жанында жүрө бердиң (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015